Amnesty International кыргыз бийлигин 11 журналисттен «негизсиз айыптарды» алып салууга чакырды

Amnesty International эл аралык уюму Кыргызстандын бийлигин Temirov Live жана «Айт, Айт десе» долбоорлорунун азыркы жана мурдагы журналисттерин актап, эркиндикке чыгарууга чакырды. Ленин райондук соту аларга 10-октябрда өкүм чыгарат деп күтүлүүдө.

Уюмдун директорунун орун басары Денис Кривошеев бардык редакциялар, анын ичинде Temirov Live менен «Айт айт десе» да «эркин жана коопсуз» иштеши керектигин белгиледи.

«Бул айыптоолор — сөз эркиндигин басуу жана журналисттерди жасаган иши үчүн жазалоо боюнча саясий аракет гана»,
— деп эсептейт ал.

Кривошеев уюм камактагы журналисттердин баарын бошотууга жана аларга тагылган «негизсиз айыптарды» алып салууга чакырып жатканын кайталады.

Буга чейин мамлекеттик айыптоо иштин ар бир фигуранты үчүн алты жылдан эркинен ажыратуу жазасын сураган.

Temirov Live журналисттеринин ишинде 13 фигурант бар. Долбоордун азыркы жана мурдагы 11 кызматкери 16-январда жапырт башаламандыктарга чакырык жасоо айыбы менен кармалган. Махабат Тажыбек кызы менен журналист Актилек Капаровго жапырт башаламандыкка чакырык жасоону «уюштуруу» айыбы тагылган. Калган журналисттер ал чакырыктарга «көмөктөшкөн» деп айыпталууда. Иштин бардык фигуранттары коюлуп жаткан айыпка макул эмес.