«Чек арасыз кабарчылар» кыргыз бийлигин «журналисттердин арасындагы тазалоону» токтотууга чакырды

«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму Кыргызстандын бийлигин Temirov Live жана «Айт айт десе» долбоорлорунун азыркы жана мурдагы 11 журналистин бошотууга чакырды. Ленин райондук соту аларга 10-октябрда өкүм чыгарат деп күтүлүүдө.

Уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча бөлүмүнүн башчысы Жанна Кавельенин айтымында, журналисттердин коррупцияга каршы иликтөөлөрү басым жасоого шылтоо болбошу керек.

«Күмөн жараткан айыптоолорго негизделген камоолордун бул толкуну жергиликтүү иликтөөчү журналисттердин арасындагы тазалоого окшоп турат. Камактагы 11 журналистти алардын Temirov LIVE долбоорунда иштегени бириктирип турат. […] RSF журналисттерге карата мындай “аңчылыкты” айыптайт жана Кыргызстандын бийлигин аларды тез арада бошотууга чакырат», — деди Кавелье.

Temirov Live'дын негиздөөчүсү Болот Темиров мамлекеттик айыптоо журналисттерди кармоого шылтоо болгон кайсы макалага шилтеме кылып жатканын так билбей турганын айтты. Бул иште Темиров өзү да айыпталуучу катары өтүүдө, бирок учурда чет өлкөдө жүрүүгө «аргасыз».

Буга чейин мамлекеттик айыптоо иштин ар бир фигуранты үчүн алты жылдан эркинен ажыратуу жазасын сураган.

Temirov Live журналисттеринин ишинде 13 фигурант бар. Долбоордун азыркы жана мурдагы 11 кызматкери 16-январда жапырт башаламандыктарга чакырык жасоо айыбы менен кармалган. Махабат Тажыбек кызы менен журналист Актилек Капаровго жапырт башаламандыкка чакырык жасоону «уюштуруу» айыбы тагылган. Калган журналисттер ал чакырыктарга «көмөктөшкөн» деп айыпталууда. Иштин бардык фигуранттары коюлуп жаткан айыпка макул эмес.