Кокулов: Жалган маалымат тараткандарга айып салган мыйзам долбоору айрым адамдарга гана иштейт

Депутат Эрулан Кокулов Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында жалган маалымат тараткандарга айып салган мыйзам долбоору белгилүү бир адамдарга гана иштей турганын айтты.

«Тилекке каршы жөнөкөй жарандарга иштебей калат. Соцтармактарды негизинен эле көзөмөлдөш керек. Бирок көзөмөлдөй албай жатпайсыңарбы. Бүгүнкүгө чейин көзөмөлдөгөндө бул мыйзам долбоорун алып келбей деле койсоңор болот болчу»,
— деди ал.

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков соцтармактарда бирөөгө жалаа жапкан маалыматтар көбөйүп жатканын белгилеп, сунушталып жаткан мыйзам долбоору аларды жөнгө салууга жардам берет деп эсептейт.

Мыйзам долбоорун Маданият министрлиги демилгелеген. Эгер ал кабыл алынса, жалган, жаңылыш же адаштыруучу маалымат тараткан жеке жактар 100 миң, юридикалык жактар 200 миң сом айыпка жыгылат.

Буга чейин депутат Исхак Масалиев мыйзам бийликти сындагандарга гана иштээрин айтса, акыйкатчы Жамийла Жаманбаева айып пулдун өлчөмү жогору экенин белгилеп, документтеги карама-каршылыктарды жоюуга чакырган.