Ноокат: Медреседе бычактан 14 жаштагы өспүрүм каза болду

Image descriptionОш облусунун Ноокат районундагы медресенин аймагында эки өспүрүмдүн ортосунда жаңжал чыгып, алардын бири бычактан алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болду.

Маалыматты «Клоопко» облустук милициядан тастыкташты. Ошондой эле шектүү катары 16 жаштагы өспүрүм кармалганын белгилешти. Бул боюнча тешелүү экспертизалар дайындалды.

Ал эми Муфтияттан «Клоопко» каза болгон өспүрүм медресеге убактылуу барганын билдиришти.

«Каза болгон баланы суранып, дем салдыруу үчүн үч күнгө калтырышкан. Шектүү медресенин студенти. Окуя түнкү саат 12, 1лер чамасында болгон», — дешти муфтияттан.