Өзгөндө 28 жаштагы аялды өлтүрүүгө шектелип кошунасы кармалды

Image description28 жаштагы келинди мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелип 24 жаштагы кошунасы кармалды. Окуя 4-октябрда Өзгөн районунда болгон.

Маркумга соттук-медициналык, соттук-химиялык экспертизалар дайындалган.

Бул факт боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.