Жапаров IMEI-коддорду каттап жаткан компания менен келишим бузулушу мүмкүн экенин эскертти

Минкабдын башчысы Акылбек Жапаров уюлдук телефондорду Мамлекеттик идентификациялоо системасына милдеттүү түрдө каттоо маселесине арналган кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Минкабдын басма сөз кызматы билдирди.

Жапаров кеңешменин жүрүшүндө кыргызстандыктардын көбү телефондорду кантип каттатуу керектиги жөнүндө маалыматтын жоктугуна даттанып жатышканын билдирди.

Ал тиешелүү органдарга бул көйгөйдү чечүүнү тапшырып, болбосо мамлекет бул иш менен алектенип жаткан «Инмобайлс» ЖЧКсы менен келишимди бузушу мүмкүн экенин белгиледи.

«Министрлер кабинетинин башчысы зарыл болгон учурда чечкиндүү чаралар көрүлөрүн, анын ичинде IMEI-коддорун каттаган компания менен келишимди бузууга да токтолду», — деп билдиришти Минкабдын басма сөз кызматынан.

Жарандар телефондорун каттатууда көйгөйлөргө кабылып жатканына даттануусун улантууда. Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, айрымдар уюлдук телефонун каттатуу үчүн 600 сом төлөп, бирок каттата албай жатышат.

Кыргызстанда уюлдук телефондорду Мамлекеттик идентификациялоо системасына милдеттүү түрдө каттоо быйыл 25-июнда башталган. Телефондорду каттоодо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган УКМК болсо, IMEI-коддорду каттоо менен «Инмобайлс» ЖЧКчы алектенүүдө.