Бекназаровдун жакындары президенттен аны үй камагына чыгарууну өтүндү

Абактагы саясатчы Азимбек Бекназаровдун туугандары президент Садыр Жапаровго кайрылып, аны үй камагына чыгарууну суранды.

«Ушул суракты үй камагында жүргөндө деле сурасаңар болмок да. Себеби, Азимбек эч жакка качпайт. Кача тургандар качып, талаалап жүрөт. Биз бул тууганыбызга ишенебиз. Биз кепилдик бере алабыз, үй камагына чыгарып коюңуз!» — дешти алар.

Азимбек Бекназаров кылмыштуу кирешелерди адалдоого шектелип 12-сентябрда кармалган. Кийин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 2-ноябрга чейин камакка алынган.

УКМКнын маалыматы боюнча, саясатчынын 2010-жылдагы Апрель революциясы учурунда банк кутучаларынан жана өкмөт үйүнөн алынган акчаны уурдоого жана коротууга тиешеси бар.