Тай бокс боюнча улуттук курама Азия чемпионатында 13 медаль жеңди

Image descriptionАрмениянын Ереван шаарында 3-6-октябрь күндөрү өткөн Азия чемпионатында тай бокс боюнча кыргыз курамасы 11 алтын, 2 күмүш утту.

Алтын медалды Диана Заинитдинова, Алия Саалыева, Милана Шихшабекова, Аделя Асылбек кызы, Махабат Орозбекова, Рамис Масловец, Альберт Бактыбеков, Элзаман Замирбеков, Ихтияр Каныметов, Султан Амангелдиев
жана Дмитрий Луговой жеңди.

Ал эми күмүш медалга Ильяз Абдулин менен Ахмед Ашурбеков татыды.

Тай бокс курамасын мелдешке машыктыруучулар Сыргак Айталиев, Дилшат Даутов, Александр Кононенко жана Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын усулчусу Адилет Табылдиев жетектеп барды.

Тай бокс же Муай Тай — Таиланддын бокс өнөрү. Ал өзүнүн уникалдуу техникасы менен белгилүү, ал кол, чыканак, тизе жана бут менен сокку урууну камтыйт.