Кыргызстанда оң рулдуу унааларды такси катары пайдаланууга тыюу салынышы мүмкүн

Парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 7-октябрдагы жыйынында таксилерди лицензия алууга милдеттендирүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Талкуунун жүрүшүндө оң рулдуу автоунааларга лицензия берилбей турганы белгилүү болду.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Эмил Жакыповдун айтымында, өлкөдө оң рулдуу 180 миңден ашык унаа катталган. Алардын канчасы такси катары пайдаланылары белгисиз.

«2024-жылы 910 оң рулдуу унаа кырсыкка кабылып, 56 киши каза болуп, 1 420 адам жаракат алган. Бул кырсыктардын 712си оң рулдуу унаалардын күнөөсү менен болгон. Тажрыйба көрсөткөндөй, олуттуу жол кырсыктарынын көбүнө оң рулдуу унаалар себепкер болууда», — деди Жакыпов.

Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, такси кызматын көрсөтүүнү каалаган айдоочулардан үч жылдан кем эмес айдоочулук тажрыйба талап кылынып калат. Мындан тышкары алар өздөрү медициналык, автоунаалары техникалык кароодон өтүшү керек болот. Лицензия баасы 600 сомдун тегерегенде болору айтылды.

Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, мыйзам долбоорун парламент үчүнчү жолу карап жатат жана бул жолкусунда аны кабыл алууга бардык мүмкүнчүлүктөр бар.

Бекешев оң рулдуу унаа менен таксиде иштей албай калгандар үчүн альтернатива катары Чүй облусунда өндүрүлүп жаткан Chevrolet Cobalt унаалары сунушталып жатканын билдирди. Анын айтымында, бул унааларды лизингге алса болот. Мыйзам долбоорунун авторлорунун эсебине ылайык, буга айдоочулар күнүнө 512 гана сом төлөшү керек болот. Алардын айтымында, бул Honda Fit сыяктуу популярдуу оң рулдуу автоунааларды ижарага алып иштегенге караганда кыйла пайдалуу.

Депутат ошондой эле такси айдоочуларына жана унааларды ижарага бергендерге акырындык менен автопаркты сол рулдуу унааларга алмаштыруу кеңешин берди.

Кыргызстанда оң рулдуу унаалар менен такси кызматын көрсөтүүгө тыюу салуу маселеси буга чейин да талкууланып келген. 2023-жылы жазында депутаттар кырсыктардын көбүнө оң рулдуу унаалар себепкер болуп жатканы жөнүндө так анализ жок экенин негиз кылып, тыюуну 2030-жылга чейин жылдыра турууну сунушташкан.

Ошондой эле алар инфляция өсүп жатканын айтып, мындай тыюу кыргызстандыктардын жашоо шартына терс таасир этиши мүмкүн экенин билдиришкен. Бирок 2024-жылы февралда ИИМ оң рулдуу унааларды такси катары колдонууга тыюу салуу жөнүндө токтом долбоорун жарыялаган.