Сот журналист Адыл Акжол уулунун камактагы мөөнөтүн узартты

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 3-октябрдагы чечими менен журналист 4-ноябрга чейин тергөө абагында камакта болот.

Акжол уулунун кармалганы 12-августта белгилүү болгон. Адвокатынын айтымында, журналистке Айтурган Маматкулованын өлүмү тууралуу видео чыккандан кийин ачылган WhatsApp тайпадагы билдирүүлөргө байланыштуу «массалык башаламандыкка чакыруу» айыбы тагылган.

Кийинчерээк Акжол уулуна «Опузалап акча талап кылуу» беренеси менен дагы бир кылмыш иши козголгон. Милициянын маалыматына ылайык, журналисттин үстүнөн Ысык-Көл облусунун тургуну УКМКга арыз менен кайрылган. Анда Акжол уулу 8-июлда YouTube каналында анын катышуусунда тартылган видеону өчүрүү үчүн ири өлчөмдө акча талап кылганын билдирген.

33 жаштагы Адыл Акжол уулу 2022-жылдан 2023-жылдын июнь айына чейин ЭлТР мамлекеттик телеканалынын башкы директорунун орун басары, быйыл марттан июнга чейин УТРКнын башкы директорунун орун басары кызматтарында иштеген.

Акыркы кездери ал түрдүү темаларда видеосюжеттерди жарыялап, өзүнүн YouTube-каналын өнүктүрүү менен алектенип жүргөн. Бүгүнкү күндө анын каналында 797 миң катталуучу бар.