Иликтөөчү журналист Болот Темиров менен Махабат Тажибек кызынын уулу социалдык коргоо мекемесине өткөрүлдү. Бул тууралуу Темиров Фейсбук баракчасына жазды.
Буга чейин Махабат Тажибек кызы камакка алынганда тергөөчүлөр анын уулунун туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн тартып алышкан.
Болот Темиров тергөөчүлөр баласынын күбөлүгүн алып, аны балдар үйүнө өткөрөбүз деп коркутуп жатышканын айткан.
10-октябрда Ленин райондук сотунда журналисттердин иши боюнча Махабат Тажибек кызы 6 жылга эркинен ажыратылды. Ал эми Болот Темиров 2022-жылдын 23-ноябрында Бишкек шаардык сотунун чечими менен өлкөдөн чыгарылган. Кийин Жогорку сот да бул чечимди күчүндө калтырган.