АКШнын жана Улуу Британиянын элчиликтери Ленин райондук сотунун журналисттерге карата чыгарган өкүмүн айыпташты. Алар билдирүүлөрүн соцтүйүндөргө жарыялашты.
Дипломатиялык өкүлчүлүктөр алты жана беш жылга эркинен ажыратылган Махабат Тажибек кызы менен Азамат Ишенбековдун апелляциялык арыздарын болушунча тезирээк кароого чакырышты. Ошондой эле үч жылдык пробация менен бошотулган Актилек Капаров да, Айке Бейшекеева да акталышы керектигин белгилешти.
«Журналисттер өз ишин аткарганы үчүн жазага тартылбашы керектигин белгилегибиз келет. Тилекке каршы, бул Кыргыз Республикасында ЖМК эркиндиги үчүн чөйрөнү тарытуу боюнча тенденциянын бир бөлүгү катар көрүнүүдө»,
— деп билдиришти элчиликтер.
10-октябрда Ленин райондук соту жапырт башаламандыкка чакырык жасоо айыбы менен быйыл январда кармалган 11 журналистке өкүм чыгарган. Алардын экөөнө абакка кесилип, дагы экөө пробациялык мөөнөт менен бошотулду. Калгандары кылмыштын курамы жок деген негизде акталды.