Бишкек мэриясы шаардыктардын 95% накталай эмес төлөм жүргүзүүгө өткөндөн кийин коомдук транспорттогу жол кирени накталай төлөө мүмкүндүгүн жоюуну пландап жатат. Бул тууралуу мекеменин алдындагы Транспорт департаментинин директорунун орун басары Бакыт Сарымсаков билдирди.
Анын айтымында, накталай эмес төлөөдө айдоочулар «алаксыбайт жана жол кырсыгына кабылбайт». Бул үчүн алгач накталай төлөгөндөр үчүн жол кирени жогорулатуу сунушталууда.
«Бүгүнкү күндө накталай төлөгөндөр 40-50% түзөт. Бул көрсөткүч 95-98% жеткенде накталай төлөөнү жоюу маселесин көтөрөбүз»,
— деди ал.
Сарымсаковдун айтымында, мэрияда жол кирени накталай төлөгөндөр үчүн тарифти көтөрүү боюнча жумушчу топ түзүлдү. Анын курамына коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана активисттер да кирген.
Ал арада президент Садыр Жапаров бишкектиктерди «Тулпар» төлөм карталарын сатып алууга чакырды. Буга чейин мэрия накталай төлөгөндөр үчүн жол кирени көтөрүүнү сунуштаган. Сарымсаковдун айтымында, тариф 30-40 сомго чейин жогорулашы мүмкүн.
«Накталай төлөмдөр канча түшүп жатканын эч ким билбейт. Ток этээр жерин айтканда, айдоочунун чөнтөгүнө кетет. […] Эң жок дегенде ушундай жол менен болсо да уурулукту, коррупцияны жок кылганга жардам берсеңиздер болбойбу»
— деди мамлекет башчы.
Азыркы тарифке ылайык, накталай төлөгөн учурда муниципалдык автобустар менен троллейбустардагы жол кире 20 сомду, накталай эмес төлөгөндө 17 сомду түзөт. Жеке автобустар менен кичи автобустарда 20 сом.