Ош облусунун административдик соту токтомду 25-сентябрда жокко чыгарган. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады.
Стадиондогу 84 чарчы метр жер Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазовго 2009-жылы ошол кездеги мэр Мелис Мырзакматовдун буйругу менен берилген.
Ал эми Атазов аталган жер спорт тармагында жүргөндө ага белек катары берилгенин айткан.
«Эки жылдан бери издеп жүрүп, 25 жыл мурда Оштогу стадиондон 7 метр жер бергенин таап алышыптыр. Аны мен чемпион болуп келгенимде берген. Турат, кайра ала берсин», — деген ал.
Оштогу Акматбек Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондун 1 гектардан ашык жери он адамга менчикке берилип кеткен.
Сот Атазовду депутаттык мандаттан үстүбүздөгү жылдын мартында ажыраткан. Мындай чечим коррупция боюнча күнөөсүн моюндаган мурдагы бажычы Райымбек Матраимовго тиешеси бар депутаттар «мандаттарын тапшырышы керек» деген талкуу жүрүп жаткан чакта болгон.
Кийин ал бир нече жолу депутаттарга кысым күчөгөнүн айтып, башкы прокурор Курманкул Зулушевди сотторго кысым көрсөтүп жатат деп айыптаган. Ал президентке кайрылып, өлкөнүн саясатын колдоп келгенин да баса белгилеген.