Быйыл тогуз айда «Кумтөрдө» 7,9 тонна алтын өндүрүлдү

«Кумтөр Голд Компани» 2024-жылдын алгачкы тогуз айындагы өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, көрсөтүлгөн мезгил аралыгында компания 7 тонна 960 килограмм алтын өндүргөн. Бул белгиленген пландан 81 килограммга көп.

Маалыматка ылайык, компаниянын тогуз айдын ичиндеги жалпы кирешеси $579,8 млн түзүп, күтүлгөндөн $463,4 млн көп болгон. Ошол эле маалда таза кирешеси $216,6 млн жетип, пландан $87,9 млн ашкан.

«Ишкана мамлекет алдындагы милдеттенмелерин так аткаруу менен салык жана башка төлөмдөр түрүндө өлкө бюджетине 10 млрд 37 млн сом төктү. Компания экономикабызга зор пайда берүү менен бирге өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүнө да олуттуу салым кошууда»,
— деп билдиришти компаниядан.

Буга чейин «Кумтөр Голд Компани» алтын өндүрүү боюнча пландык көрсөткүчтөр төмөндөгөнүн билдирген. Ошол эле маалда компаниядан бул Кумтөрдө казылган кенде алтын үлүшүнүн төмөн болушу менен шартталган кадимки көрүнүш экенин белгилешкен.

«Алтындын үлүшү төмөн кенди иштетүү дагы бир канча убакытка созулушу мүмкүн. Андан кийин алтын өндүрүшү акырындык менен көбөйүп, 17-18 тонна көрсөткүчүнө жетет деп күтүлүүдө»,
— деп билдиришкен анда компаниядан.

2023-жылы «Кумтөр Голд Компани» 13,5 тонна алтын сатып, жылдык таза кирешеси $302,4 млн түзгөн.