Президенттин басма сөз катчысы Темировдун «Тулпар» карталары боюнча иликтөөсүн айыптады

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов журналист Болот Темировдун иликтөөсү боюнча мамлекеттик «Кабар» агенттигине комментарий берди. Иликтөөдө Садыр Жапаров «Тулпар» карталарын «жарнамалап», а аларды сатуудан чет өлкөлүк компаниялар пайда көрүп жатканы жөнүндө айтылган.

Темиров Юстиция министрлигинин маалыматына таянып, коомдук транспортто накталай эмес төлөө системасын киргизүү менен алектенип жаткан «БПЦ КГ» компаниясынын түптөөчүлөрүнүн арасында башка да компаниялар бар экенин белгилеген.

Анын айтымында, алар «Бишкектин прогрессивдик технологиялары» ЖЧКсы менен «БПЦ ГРУПП ХОЛДИНГ ЛТД» аттуу жеке компания. Биринчи компаниянын башчысы катары Орусиянын Журат Закиров аттуу жараны көрсөтүлгөн. Экинчи компания болсо Кипрдеги «офшордо» жайгашкан.

Алагөзов президент үчүн эң башкысы — накталай эмес төлөө системасын киргизүү экенин белгилеп, мамлекет башчысына аны ким ишке ашырып жатканынын «айырмасы жок экенин» айтты.

«Болот Темиров мамлекет башчысынын посту чыгаары менен эле жаңы иликтөө деп "чампалап" чыгара коюптур. Эптеп эле президентке чаптаганга аракет кылыптыр. […] Темиров Live боюнча айтсам алар жок нерсени бар дегенге өтүп алышты. Алардын материалдары далилсиз жана курулай дооматтар экени дагы бир ирет айкын болууда. Ал болгону бир тараптуу жана далилсиз айыптоолор менен саясат жасап жатат», — деди ал.

Алагөзов «Тулпар» карталарын киргизүү маселеси 2019-жылы эле көтөрүлгөнүн белгиледи.

«Ал [Болот Темиров] президент жол киренин көтөрүүнү колдоду дейт. Мамлекет башчысынын постун карасаңыздар ал жакта баалар ошол бойдон калат, болгону накталай эмес төлөмгө өткүлө деп атат», — деп билдирди Алагөзов.

Буга чейин Садыр Жапаров бишкектиктерди «Тулпар» карталарын сатып алууга чакырган. Ага чейин Бишкек мэриясы накталай төлөгөндөр үчүн жол кирени көтөрүүнү сунуштаган. Мэриянын маалыматына ылайык, тариф 30-40 сомго жогорулашы мүмкүн.

Азыркы тарифке ылайык, накталай төлөгөн учурда муниципалдык автобустар менен троллейбустардагы жол кире 20 сомду, накталай эмес төлөгөндө 17 сомду түзөт. Жеке автобустар менен кичи автобустарда 20 сом.