11 журналисттин иши: Абактагы Азамат Ишенбеков ыр саптары менен элге кайрылуу жасады

10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту Temirov Live долбоорунун учурдагы жана мурдагы журналисттерине карата өкүм чыгарган. Temirov Live’дын жетекчиси Махабат Тажибек кызы алты, «Айт Айт Десе» долбоорунун акыны Азамат Ишенбеков беш жылга кесилген.

Ишенбеков абактан кат жазып, элге ыр саптары менен кайрылды:

Кулак салып сөзүмө тилимдеги,
Күйүтүмдү уккула дилимдеги.
Көйгөйлөрдү ыр кылып чагылдырсам,
Көөдөндөрү көрлөргө билинбеди.

Жашоодогу акыйкат деги кайда?
Жашап калдык кордолуп таппай айла.
Желегимдин нурларын сүйөм десем,
Жемелешип камашты мени кайра.

Сөз эркиндик жоголуп мекенимде,
Сүрдүк өмүр түрмөнүн этегинде.
Соо адамды камашып, буйрук менен,
Сот чечими мыйзамсыз экенинде.

Чоңдорумдун ичтери кепке тарып,
Эли-жерин сүйгөндөр кордолууда.
Эрким үчүн түрмөдөн жардам сурайм,
Эл аралык өкүлдүн чоңдорунан.

Башыңарды бургула дүйнө эли,
Бузуку де, саткын де, сүйбө мени.
Бийлигине кордолгон силерде да,
Биздикиндей кысымдар барбы деги?

Эли-жерин сүйгөндөр кордолууда,
Эркиндиги чектелип тордолууда.
Эрким үчүн түрмөдөн жардам сурайм,
Эл аралык өкүлдүн чоңдорунан.

Убакыттан кеп эмес айрылганым,
Уюткулуу эл үчүн кайрылганым.
Уул-кыздарды кордотпой алгылачы,
Ушул менин силерге кайрылганым.