Бишкекте 22-октябрдан тарта жылуулук бериле баштайт

Image descriptionБул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев 15-октябрда Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин жыйынында билдирди.

«Буга чейин жылуулук эч качан 22-октябрдан тарта берилген эмес. Бирок метеорологдор абанын температурасы төмөндөй турганын кабарлап жатышат», — деди министр.

Ибраев ЖЭБде 200 миң тоннадан ашык көмүрдүн запасы бар экенин кошумчалады.

Быйыл Минкаб президенттин тапшырмасы менен Бишкек ЖЭБин жана «Бишкек жылуулук түйүндөрүнүн» өкүлчүлүктөрүн мэриянын башкаруусуна өткөрүп берген. Садыр Жапаров мындай тапшырманы 2-февралда ЖЭБде авария болуп, шаар кайрадан жылуулуксуз калгандан кийин берген.