Депутат Экономика министрлигин «Соода үйү» мамлекеттик ишканасын түзгөнү үчүн сындады

Депутат Бактыбек Сыдыков парламенттин Транспорт жана коммуникациялар боюнча комитетинде Экономика министрлигин «Соода үйү» мамлекеттик ишканасын түзгөнү үчүн сындады.

Министрдин орун басары Санжар Болотов ишкана «санкциялык басымдардан улам» Кыргызстанга «кирбей турган» товарларды көзөмөлдөө үчүн түзүлгөнүн билдирди. Анын айтымында, ишкананын комиссиялык чени 2% түзөт.

«Силер эмне жинди болдуңарбы? Банктын тейлөөсү 0,35% [түзөт]. Силер эмне бизнести кайра кысып жатасыңар, негизи эле бул ишкананы эмнеге түздүңөр эле? Мен муну жөн эле ушак го деп ойлогом. Адамдар 2% эмес, 6% деп айтып жатышат. Ишкерлер үчүн кандай шарттарды түзүп жатасыңар? Эртең кандайдыр бир фонд ачкыла», — деди депутат.

Июлдун ортосунда Минкабдын башчысы Акылбек Жапаров Кыргызстандын азыркы экономикалык абалына «жакшы баа берсе болорун» билдирген. Анда ал Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүүнү көрсөтүп жатканын айткан — ИДӨнүн орточо өсүү темпи 2023-жылы 7%, быйыл жылдын биринчи жарымында экономикалык өсүш 8,1% түзүп, ИДӨнүн көлөмү 559 млрд сомдон ашкан. Ошол эле маалда Жапаров Кыргызстан экономикада дагы «илбирс секиригин» жасашы керектигин билдирген.