«Кыргызстандын аракеттеги медиа платформасы» сот жообуна тартылган 11 журналистти колдоо максатында марафонун баштады. Бул аракет Ленин райондук сотунун журналисттерге карата чыгарган «адилетсиз өкүмүнө» каршы уюштурулганы айтылат.
Бир апта бою медиа коомчулук жана соцтүйүн колдонуучулары Temirov Live жана «Айт Айт Десе» долбоорунун иликтөөчүлөрүнүн жемкордук менен күрөш жана укуктук тартипти чыңдоого кошкон салымын эске салышат.
«Флешмоб элди жана эл аралык коомчулукту журналисттерге карата такай жасалган репрессияларга көңүл бурдурууга багытталган. Уюштуруучулар бул иш журналисттик иликтөөлөр коомго маанилүү өзгөрүүлөрдү алып келген булак экенин элдин эсине салат деп үмүт кылат», — деп айтылат билдирүүдө.
Уюштуруучулар медиа коомчулукту, жарандык коомду жана элди журналисттерге тилектештик билдирип, соттон айыптоочу өкүмдөрдү кайра карап чыгууну талап кылууга чакырды.
10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту Temirov Live долбоорунун мурдагы жана азыркы журналисттерине карата өкүм чыгарган. Долбоор жетекчиси Махабат Тажибек кызы алты, «Айт Айт Десе» долбоорунун акыны Азамат Ишенбеков беш жылга кесилген. Айке Бейшекеева менен Актилек Капаров үч жылдык пробация менен бошотулуп, калгандары акталган.