Депутат Арсланбек Эгембердиев парламенттин Мыйзамдуулук жана укук тартиби комитетинин 15-октябрдагы жыйынында башкалардын интимдик сүрөттөрү менен видеолорун таркаткандарга жазаны катаалдатууну, а жалган жалаа жана мазактоо үчүн айып пул өлчөмүн азайтууну сунуштады.
Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыковдун айтымында, интимдик материалдарды таркатуу — ар-намысты, кадр-баркты түшүргөн маалыматтардын категориясына кирет.
Эгембердиев мындай болгондон кийин интимдик контентке байланышкан иштерди өзүнчө кароо керектигин айтты.
«Анда [мындай учурларды] өзүнчө бөлүүнү сунушайм, анткени бул үчүн жаза катаалыраак болушу керек. Мындай сүрөттөрдү жана видеолорду таратуу үй-бүлөнүн бузулушуна, өзүн-өзү өлтүрүүгө жана өкүмсүз эле жазалоого алып келиши мүмкүн. Ошондуктан мындай иштерди өзүнчө кароо керек, анткени 100 миң сом жаза эмес»,
— деди депутат.
Эгембердиев ошондой эле соцтүйүндөр менен ЖМКдагы жалган жалаа жана мазактоо үчүн сунушталып жаткан айып пул 100 миң сомдон 50 миң сомго төмөндөтүлүшү керектигин айтты. Анын пикиринде, адамдар мындай жоопкерчилик бар экенин билбеши мүмкүн, ошондуктан биринчи жаза жеңилирээк болушу зарыл.
ЖМКда жана интернетте жалган жалаа жана мазактоо үчүн айып пул салуу жөнүндө мыйзам долбоорун Маданият министрлиги демилгелеген. Документке ылайык, ЖМКда же интернетте мазактоо жана жалаа жабуу үчүн жеке жактарга 100 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң айып салуу сунушталууда. Демилгечилердин айтымында, акыркы кездери «ЖМК жана интернет-ресурстар аркылуу мазактоо, жалаа жабуу учурлары көбөйгөнү» байкалууда.