Депутаттар ТИМди Орусиядагы мигранттардын көйгөйлөрү менен алектенүүгө чакырышты

Жогорку Кеңештин 16-октябрдагы жыйынында депутаттар Медер Алиев менен Эмил Токтошев Орусияда кысымга кабылып жаткан кыргыз мигранттарынын көйгөйүн көтөрүштү. Алар Тышкы иштер министрлигин чет өлкөлөрдөгү кыргыз жарандарынын абалын жакшыртууга чакырышты.

Алиевдин айтымында, Орусияда жүргөн кыргызстандыктар көптөгөн көйгөйлөргө кабылууда, анткени жумуш берүүчүлөр менен айрым мамлекеттик органдар аларды «эмгекчилер» эмес, «эмгек мигранттары» катары кабыл алууда.

«ЕАЭБдин жана Евразиялык экономикалык комиссиянын классификаторуна ылайык, КРдин жарандары эмгек мигранттары эмес, эмгекчилер деп эсептелинет. ЕАЭБге кирбеген башка өлкөлөрдүн жарандарынан айырмаланып, биздин жарандар кыйла жагымдуу режимде. Тилекке каршы, айрым учурларда ЕАЭБде бекитилген нормаларды толук түшүнбөгөн учурлар болууда»,
— деди Алиев.

Ал ТИМдин [басым жасоого] чоң рычагы бар экенин белгилеп, тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиевди мигранттардын маселесин чечүүгө чакырды.

Депутат Эмил Токтошев Орусияда жүргөн кыргыз мигранттары «Сахарово» борборундагы кемсинтүүлөргө, начар мамилеге даттанып жатышканын билдирди.

«Аэропорттон “Эмнеге келдиң?” деп сурап, өлкөгө киргизбей жатышат»,
— деди ал.

Министрдин орун басары Орусиядагы текшерүүлөрдүн күчөшү — Москва облусундагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында болгон терактыга байланыштуу экенин билдирди. Анын айтымында, андан бери кыргызстандыктар эле эмес, башка өлкөлөрдүн жарандары да текшерүүлөргө кабылууда. Ал Кыргызстандын Орусиядагы консулдугу мигранттардын даттанууларын карап жатканын кошумчалады.

«Крокустагы» теракттан кийин Орусиянын бардык аймактарында Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган мигранттарга карата жапырт агрессиялык аракеттер башталган. Мындан тышкары Орусиянын президенти Владимир Путин мигранттарга каршы бир нече мыйзамга кол койгон. Арасында полиция кызматкерлерине мигранттарды соттун чечими жок эле депортация кылууга укук берген, ошондой эле орус жарандыгын алып, бирок аскердик каттоого турбагандарды жарандыктан ажыратууга жол ачкан мыйзамдар бар.