ӨКМ: Төө-Ашуудагы жол тыгыны жөнгө салынууда

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 16-октябрь саат 08:30га карата Төө-Ашууда жол тыгыны жөнгө салынып, унаалар Оштон Бишкекти көздөй өткөрүлүп жатканын билдирди. Ага чейин тыгында миңдей унаа турганы айтылган.

Жеринде ӨКМ, ИИМ, Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иш алып барууда. «Арал», «Сосновка» өтмөгүндө жылынуу жайлары уюштурулду. Жүргүнчүлөр ысык тамак, күйүүчү май менен камсыздалууда.

ӨКМ тургундарды жолго чыкпай турууга чакырды. Унаалардын дөңгөлөгүн кышкыга алмаштырып, күрөк, чынжыр, кургак азык жана дары-дармек алууну сунуштайт.

15-октябрь күнү кечинде Төө-Ашууга калыңдыгы 35-40 сантимер кар жаап, жолго жайкы дөңгөлөк жана чынжыры жок чыккан унаалар жолчулардын ишине тоскоол болуп, тыгын жаралганы айтылган.