Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук милициясына кимдир бирөө Бүргөндү-Достук айыл аймагынын Адыр-1 айылынын тургуну өз жээнине карата сексуалдык мүнөздөгү аракет жасап жүргөнүн кабарлаган.
Бул боюнча 12-октябрда «Ыплас аракеттер» беренеси менен кылмыш иши козголуп, кыздын 52 жаштагы таекеси кармалган.
Кийин кыздын ата-энеси ажырашып, өспүрүмдү туугандарыныкына таштап кетишкени белгилүү болгон.
«Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү 2023-жылдан баштап кызга карата бузуку аракеттерди жасап жүргөнү аныкталды», — дешти милициядан.
Ноокен райондук соту шектүүнү эки айга камакка алды. Тергөө уланууда.