Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине орусиялык журналист Павел Зарубинге курган маеги боюнча комментарий берди. Ал «Батыш бизге Орусия менен кызматташтыкты токтотууга көрсөтмө бербеши керек» деп айткан.
Жапаров бийликке келгенден бери Кыргызстан көп багыттуу саясат жүргүзүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, бийлик башка өлкөлөр, анын ичинде Орусия менен тең ата кызматташууда.
«Орусия менен биз кызматташпай коё албайбыз. Биздин ортобуздагы товар жүгүртүү 4 млрд доллардан ашат. Биз Орусиядан нефть, газ, буудай жана башка тамак-аштарды сатып алабыз. Географиялык жактан алганда биз туюк өлкөдө жашайбыз. Биздин дүйнөгө чыга турган авто жана темир жолубуз да Орусия аркылуу. Ал жакта бир миллионго жакын мигрантыбыз бар»,
— деди өлкө башчы.
Ошондой эле Жапаров Евробиримдикке мүчө айрым өлкөлөр «керек болгондо Орусия менен жакшынакай эле кызматташып» жатканын белгиледи.
«Орусия менен болгон соода-сатыгыңар жылына 6 миллиард долларга чыгып жатпайбы. Анан өзүңөргө керек болгондо Орусия менен жакшынакай эле кызматташасыңар дагы, бизге келгенде эле иштешпегиле дейсиңер. Силердин бул талабыңар адилетсиз»,
— деп Орусия менен кызматташпагыла деген батыш өлкөлөрүнө айтып келээрин белгиледи.
Президент Кыргызстан Орусия менен эле эмес, КМШ өлкөлөрү менен да иш алып барып, жакында эле Евробиримдик менен кызматташуу боюнча келишимге кол коюлганын айтты.
Орус аскерлери бастырып киргенден бери Украинада согуш жүрүп жатканы эки жарым жылдан ашты. Америка жана Батыш өлкөлөрү Орусияга карата санкция салып, ага көмөктөшкөн өлкөлөр да санкцияга кабылышы мүмкүн экенин эскерткен.
Ал эми кыргыз бийлиги Украинадагы согушка карата позициясы бейтарап экенин, эки өлкөнү тынчтыкка чакырарын билдирген.