Жапаров: Бийлик жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого кийлигишпейт

Президент Садыр Жапаров алдыдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого мамлекет кийлигишпей турганын билдирди. 17-ноябрда өтө турган шайлоонун үгүт өнөктүгү эртең башталат.

Мамлекет башчынын айтымында, эгер кайсы бир талапкерди сүрөмөлөгөн мамлекеттик кызматкер аныкталса, ал «катуу жазага тартылат».

«Бийлик шайлоого да, башкасына да кийлигишкен мезгил, кайсы бир талапкерди сүрөмөлөп, кайсы бирин өгөйлөгөн заман артта калды»,
— деп белгиледи президент.

Жапаров кыргызстандыктарды «кол ийрисине тартат» болбой, татыктуу талапкерлерди шайлап алууга чакырды. Анын айтымында, мындай талапкерлер өлкө үчүн күйө турган, чындап иштей турган адамдар болушу керек. Президент алысты көрө билген тажрыйбалуу жаштарды колдоо зарыл деп эсептейт.

«Урматтуу мекендештер, “Биз жаңы Кыргызстанды курууга бет алдык” деп ар дайым айтып келем. Бет алган жолубуз оңой эмес. Ары татаал мезгилде, ары кыйын учурда өлкөбүздү өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошолу деген бийик жоопкерчиликти мойнубузга алып жатабыз. Мамлекеттин өнүгүшү жергиликтүү аймактардын өнүгүшүнөн башталат. Мына ошондуктан, жергиликтүү кеңеш деп көңүл бурбай койбойлу, кайдыгер карабайлы»,
— деди Жапаров.

Буга чейин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев «мамлекеттеги тазалануу шайлоолордон башталышы керектигин» айткан. Ал партияларга ар бир талапкерди «кылдат текшерип чыгууну» тапшырып, тууган-уругу криминалга же коррупциялык иштерге тиешеси барларын тизмеден чыгарууну талап кылган.

Президен 6-сентябрда «Жергиликтүү кеңештерди таркатуу жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» жарлыкка кол койгон. 249 жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо 17-ноябрга белгиленген.