«Ак-Кула» ат майданынын ордуна көп функционалдуу комплекс курулат — Минкаб макулдашууну жактырды

Минкаб Бишкектеги мурдагы «Ак-Кула» ат майданынын жерин 49 жылга берүү тууралуу инвестициялык келишимди жактырды. Документке ылайык, жер тилкеси «РЦА Ливинг» ЖЧКсына берилип, ал көп функционалдуу комплекс курат.

53,5 гектар жерге унаа токтотуу жайлары менен бизнес-борборлор, турак жайлар, социалдык жана инфраструктуралык объектилер салынат. Компания келишимде көрсөтүлгөн 49 жылдык ижара мөөнөтүн дагы узарта алат.

Макулдашуунун алкагында компания шаар бюджетине $67 млн которууга, 300 млн доллардан кем эмес инвестиция салууга, ошондой эле Бишкектин башкы планынын концепциясынын аналитикалык негизин иштеп чыгууга $250 миң бөлүп берүүгө милдеттүү болот.

Ат майдандын жерине курула турган ар бири 1 200 орундуу үч мектеп, 350 орундуу үч бала бакча, парк аймагы, муниципалдык жолдор, тротуарлар жана имараттар менен байланышкан инженердик түйүндөр мамлекетке өтөт.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, «РЦА Ливинг» ЖЧКсы турак жай жана социалдык объектилерди куруу менен алектенет. Компаниянын жетекчиси катары Фан Ань Шон, негиздөөчүсү катары Салим Шабазов жана «Силвердейл Лимитед» ЖЧКсы көрсөтүлгөн.

Буга чейин Бишкек шаардык кеңеши «Ак-Кула ат майданы комплексин түз сатуу жолу менен менчиктештирүү тууралуу» токтом долбоорун жактырган.

1947-жылы курулган «Ак-Кула» ипподрому ат оюндарын өткөрө турган алгачкы ири жайлардын бири болгон. Анын жалпы аянты 60 гектарды түзөт. 2020-жылы объект авариялык абалда жана оңдоого мүмкүн эмес деп табылган. Кийинчерээк бийлик ат майдан бузулуп, анын ордуна «Москва-Ситидегидей» көп кабаттуу үйлөр жана бизнес-борборлор курулушу мүмкүн экенин билдирген.