Чаткалдагы кар көчкүдө калган алты адамды издөө ишин министр өз көзөмөлүнө алды

Image descriptionӨКМдин Жалал-Абад облусундагы Чаткал райондук бөлүмүнө 16-октябрда тоого өсүмдүк тамырын тергени кеткен Каныш-Кыя айылынын 13 тургуну жана бир кытай жаран алты күндөн бери дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Издөө иштеринин жүрүшүндө 14 кишинин экөө Коргон-Сай айылына жакын жерден, алтоо Кум-Бел ашуусунан аман-эсен табылган. Алар калган алты киши 14-октябрда саат 18:00 чамасында Ак-Сай ашуусундагы кар көчкүдө калганын айткан.

«Издөө иштерин министр Бообек Ажикеев өз көзөмөлүнө алды. Бүгүн республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан бир, Чаткал райондук өзгөчө кырдаал бөлүмүнөн дагы бир куткаруу тобу тартылып, жалпысынан 20 куткаруучу аларды издеп жатат», — дешти министрликтен.