❗️Шаардык сот Аскат Жетигенди үч жылга эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырды

Image descriptionАкындын адвокаты Самат Матцаков «Клоопко» мындай чечимди сот 17-октябрда өткөн жыйында кабыл алганын билдирди.

Бишкек шаардык соту Аскат Жетигенди «Бийликти басып алууга чакырык жасоо» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылга эркинен ажыраткан Свердлов райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Аскат Жетиген өкүм окулгандан кийин, элди массалык башаламандыкка чакырбаганын, болгону тарбиясыздык көрсөткөнүн айтты.

«Мунун үчүн мен элден кечирим сурайм. Бирок бул сөздөр Кылмыш кодексинде каралган чараларга жооп бербейт. Бул административдик кодекске ылайык айып пул менен аякталышы керек», — деди акын.

Аскат Жетиген 20-мартта президент Садыр Жапаровду сындаган видео жарыялагандан кийин камакка алынган. Ал 2021-жылдан бери бийликти сындаган видеолорду жарыялап келген. Акын азыр тергөө абагында.