Телефондорду мыйзамсыз каттоого шектелгендер кармалды

16-октябрда УКМК кызматкерлери «Айчүрөк» (ЦУМ) соода борборунда уюлдук телефондорду мыйзамсыз каттоого шектелген төрт кишини кармашты.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, аталган соода борбордун кызматкерлери телефондорду мыйзамсыз каттоонун башкы уюштуруучулары катары шектелүүдө. УКМКдан алар канча телефонду каттоого жетишкенин так айтышкан жок.

Шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда атайын кызмат бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо менен алектенүүдө.

«Телефондорду бажы процедураларын кыйгап өтүп каттаган фактылар көбөйдү. Айрым адамдар талаптарды бузуу менен уюлдук телефондорду башаламан каттоо схемасын уюштуруп, ал массалык мүнөзгө ээ боло баштаган», — дешти УКМКдан.

Өлкөдө уюлдук телефондорду Мамлекеттик идентификациялоо системасына милдеттүү түрдө каттоо быйыл 25-июнда башталган. Телефондорду каттоодо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган УКМК болсо, IMEI-коддорду каттоо менен «Инмобайлс» компаниясы алектенүүдө.