ЖМК: Даниел Ажиевдин апасы унаасы менен жаңы Ак үйдүн дарбазасын сүздү

Вебкам-студияларды уюштуруу айыбы менен тогуз жылга соттолгон Даниел Ажиевдин апасы Lexus үлгүсүндөгү унаа менен президенттик администрациянын жаңы «Ынтымак Ордо» имаратынын дарбазасын сүздү. Бул маалыматты 24.kg жана Kaktus.media басылмаларына өздүк булактар ырастаган.

Окуянын күбөсү басылмаларга жеринде тартылган видеону жөнөткөн. Анын айтымында, окуя саат 14:30 чамасында болгон. Дарбазаны сүзгөн автоунаанын ичинде Ажиевдин апасына окшош аял болгон.

«Ал кыйкырып, бардык мүлкүн алып коюшканын, уулун абакта кармап жатышканын айтты. Андан соң күзөтчүлөр аялды башка унаага отургузуп, белгисиз тарапка алып кетишти», — деди күбө.

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан унаада А.С. (Сайкал Ажиева) аттуу 65 жаштагы аял болгонун, ал милицияга жеткирилип, териштирүү иштери башталганын билдиришти.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзовдун айтымында, окуя болгон учурда Садыр Жапаров имаратта болгон эмес.