Вебкам-студиялар түйүнүн уюштурганы үчүн тогуз жылга соттолгон Даниэл Ажиевдин апасы 17-октябрда президенттин администарциясынын жаңы имаратын унаасы менен сүзгөнү кабарланган.
Ленин райондук соту Сайкал Ажиевага «Майда бейбаштык» беренеси боюнча 5500 сом айып салып, коё бергенин билдирди.
Күбөлөрдүн айтымында, окуя 14:30дарда болгон. Ажиевдин апасы Ак үйдүн дарбазасын унаасы менен сүзгөн. Кыйкырып, бардык мүлкүн алып коюшканын айткан. Андан соң күзөтчүлөр аны унаага отургузуп, милицияга алып барышкан.