Бишкек мэриясы кийинкы жылы чет элдик банктардын эсебинен 280 автобус сатып алат

Депутат Гуля Кожокулова парламент жыйынында эмне үчүн Бишкектин 2025-жылдагы бюджетинде автобус сатып алууга каражат бөлүнбөгөнүн сурады.

Каржы министри Алмаз Бакетаев муну акыркы эки жылда автобус сатып алууга 6 млрд сом жумшаганы менен түшүндүп, буга байланыштуу 2025-жылдын бюджети кыскарганын айтты.

«Борбор шаарыбыз 100% коомдук транспорт менен камсыздалганбы? Эл нааразы. Мэрия, автобустарга эмне болду, жетиштүүбү?» — деп сурады Кожокулова.

Биринчи вице-мэр Мирлан Байгөнчөков жүргүнчүлөрдү ташыган автобустар дагы деле жетишсиз экенин моюнга алды. Ал 2026-жылга чейин инвестициялык келишимдердин негизинде 250дөн ашык автобус сатып алынат деп билдирди.

Анын айтымында, Европа банкы 100 автобуска, Азия өнүктүрүү банкы 120 электробуска акча бөлөт. Дагы 60 автобус сатып алууну KMF банкы каржылайт.

Май айында Бишкек мэриясы 100 троллейбусту Ош шаарына өткөрүп, аларды электроавтобустарга алмаштырууну чечкен. Жергиликтүү активисттер буга каршы чыккан.