Чаткал: Кар көчкүдө калды делген кишилерди издөө үчүн тик учак жөнөтүлдү

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ак-Сай тоолорунда кар көчкү түшкөндөн кийин дайынсыз болуп жаткан алты адамды куткаруучулар тик учак менен издешет.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, тик учак бүгүн Ош шаарынан саат 7:30да учуп кеткен.

Буга чейин министр Бообек Ажикеев аба ырайы жакшырар замат тик учак менен издөө иштери жүргүзүлөрүн айткан.

9-октябрда Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылынан 14 киши өсүмдүк тамырын тергени тоого кетип, дайынсыз жоголгон. Куткаруучулар сегиз адамды аман-эсен тапкан, калган алты киши кар көчкүдө калганы айтылган.