Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ак-Сай тоосуна кетип дайынсыз болуп жаткан алты адамдын үчөөнүн сөөгүн табышты.
ӨКМден маркумдардын сөөгү Кумбел тилкесиндеги борборго жеткирилгенин, калган үч кишини издөө иштери эртең уланарын белгилешти.
9-октябрда Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылынан 14 киши өсүмдүк тамырын тергени тоого кетип, дайынсыз жоголгон. Куткаруучулар сегиз адамды аман-эсен тапкан, калган алты киши кар көчкүдө калганы айтылган.