Белгилүү дин аалымы Фетуллах Гүлен 83 жашында дүйнө салды

Image descriptionТүркиялык дин аалымы, «Кызмат» кыймылынын негиздөөчүсү Фетуллах Гүлендин каза болгонун небереси Эбуселам Гүлен Х соцтүйүнү аркылуу кабарлады.

Эл аралык басылмалардын маалыматына ылайык, акыркы убакта Гүлендин ден соолугу начарлап, АКШнын Пенсильвания штатындагы ооруканалардын биринде болчу.

Гүлен ойчул, жазуучу катары да белгилүү. Ал Ислам динин тынчтык жолу менен жайылтууну көздөп, түрдүү диндер, маданияттар менен диалог орнотууга басым жасаган.

Гүлен түрк президенти Эрдогандын башкы атаандашы катары белгилүү. Алгач алар жакшы мамиледе болуп, 1999-жылы урушка кеткен. Гүлен ден соолугуна байланыштуу АКШга кетип, Түркияга кайткан эмес.

Анын «Кызмат» уюму мектеп жана билим берүү жайларын түзүүгө басым жасап, дүйнөнүн 160тан ашык өлкөсүнө тараган. Бирок Түркия 2016-жылы кыймылды «бийликти басып алууга аракет кылган» деп айыптап, уюмду террористтик деп тапкан. Түрк бийлиги «Кызматтын» Кыргызстанда да өкүлдөрү бар экенин билдирген.