Бишкекте эртең жылуулук бериле баштайт

Image descriptionБишкекте 22-октябрдан тарта жылуулук бериле баштайт. Мындай чечимди бүгүн күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча шаардык штаб кабыл алып, шаар мэри Айбек Жунушалиев тиешелүү буйрукка кол койду.

Мэриядан жылуулук алгач ооруканаларга, бала бакчаларга, мектептерге, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине берилип, андан кийин гана турак үйлөр менен өнөр жай ишканаларына берилерин белгилешти.

Өткөн аптада Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев Бишкекте 22-октябрдан тарта жылуулук бериле баштай турганын билдирген. Мэриядан шаардын отун-энергетикалык комплекси жылуулук берүү мезгилине даяр экенин кабарлашкан.