Бишкектин вице-мэринен пара талап кылууга шектелген прокурорлор эки айга камалды

Image description20-октябрда Биринчи май райондук соту Бишкектин вице-мэри Рамиз Алиевден пара талап кылууга шектелген шаардык прокуратуранын эки кызматкерин камакка алуу чечимин чыгарды.

Соттун басма сөз кызматынан «Клоопко» УКМКнын тергөөчүсү Ж.А.А. жана Ы. уулу Э. аттуу шектүүлөрдү эки айга камакка алууну өтүнгөнүн белгилешти.

Kaktus.media басылмасы өз булактарына таянып, кеп Бишкектин прокурорунун орун басары Эдилбек Ыдырыс уулу жана Жалпы көзөмөл бөлүмүнүн жетекчи орун басары Абдырашид Жаманкеев жөнүндө болуп жатканын жазды.

Булактардын маалыматына ылайык, прокуратура кызматкерлери ортомчулар аркылуу Алиевден «Тазалык» муниципалдык ишканасын башкарып турганда 5 миң доллар пара талап кылышкан. Бул үчүн алар ишканадагы текшерүүлөрдү токтотууну убадалашкан.

18-октябрда УКМК кызматкерлери Бишкек шаардык прокуратурасынын имаратында тинтүү жүргүзүп, эки кызматкерди кармап кетишкен.