Болбосо жаңы автобустар да «автобустардын мүрзөсүнө» айланат — Бишкек мэриясы жол кирени накталай эмес төлөөгө чакырды

Бишкек мэриясы шаардыктарды «Тулпар» карталарын сатып алып, коомдук транспортто накталай эмес төлөмгө өтүүгө чакырды. Мекемеден болбосо бир нече жылдан кийин азыркы жаңы автобустар да мурдагыдай «автобустардын мүрзөсүнө» айланарын белгилешти.

Мэриянын билдирүүсүнө ылайык, накталай төлөнгөн акча автобус паркынын эсебине толук түшпөй калууда. Мындан улам автобустарды өз учурунда оңдоп туруу үчүн каражат жетишсиз болуп, алар 15-20 жыл кызмат кылбай калышы мүмкүн.

«Себеби, тетиктер өз убагында алынып келинип турбаса, оңдоо иштери өз убагында жүргүзүлбөйт. Баш аягы шаарды 1500 автобус тейлейт. Ушул автобустар сиздердин өзүңөрдүн эле акчаңарга сатып алынганын унутпагыла»,
— деп билдиришти мэриянын басма сөз кызматынан.

Мекемеден Бишкекте жашабагандар деле «Тулпар» картасын алып, 100-1000 сом акча салып, келген сайын 17 сомдон төлөп жүрсө болорун белгилешти.

«Шаарга келбесеңер, автобуста жүрбөсөңөр 1 жыл болсо да акчаңар сакталып тура берет. Эч ким силердин акчаңарды жеп албайт. Качан гана автобуска түшсөңөр 17 сомдон кемип турат. Ошондуктан эч кандай ойлонуштун же көйгөй жаратыштын кереги жок»,
— деп билдиришти мекемеден.

Буга чейин мэриянын Транспорт департаментинин директорунун орун басары Бакыт Сарымсаков шаардыктардын 95% накталай эмес төлөөгө өткөндөн кийин жол кирени накталай төлөө мүмкүндүгү жоюлушу мүмкүн экенин билдирген.

Садыр Жапаров да бишкектиктерди «Тулпар» карталарын сатып алууга чакырган. Ага чейин Бишкек мэриясы накталай төлөгөндөр үчүн жол кирени көтөрүүнү сунуштаган. Мэриянын маалыматына ылайык, тариф 30-40 сомго жогорулашы мүмкүн.

Азыркы тарифке ылайык, накталай төлөгөн учурда муниципалдык автобустар менен троллейбустардагы жол кире 20 сомду, накталай эмес төлөгөндө 17 сомду түзөт. Жеке автобустар менен кичи автобустарда 20 сом.