Чаткал: Кар көчкүдө калган алты адамдын тең сөөгү табылды

Image descriptionӨзгөчө кырдаалдар министрлиги Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ак-сай тоолорунда кар көчкүдө калган алты тургундун сөөгү табылганын кабарлады.

Үч кишинин сөөгү 18-октябрда, калган үчөөнүкү эртеси күнү табылган.

Ак-сай тоолоруна өсүмдүк тамырын терүүгө кеткен Каныш-Кыя айылынын 14 тургуну алты күндөн бери дайынсыз болуп жатканы тууралуу 16-октябрда белгилүү болгон.

Куткаруучулар сегиз кишини аман-эсен тапкан, калган алты киши кар көчкүдө калганы айтылган.