Саламаттык сактоо министрлиги: 2025-жылы медиктердин айлыгын көтөрүү пландалган жок

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов парламенттин социалдык саясат комитетинин 21-октябрдагы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, медицина кызматкерлеринин айлыгы быйыл сентябрда көтөрүлдү: дарыгерлердики 50%, медайымдардыкы 20% жана кенже медперсоналдардыкы 10%. Ал ошол эле маалда айлыктарды жогоруталуу маселеси дале жабыла электигин кошумчалады.

Депутат Айбек Маткеримов өлкөдө жалпы канча дарыгер иштей турганын жана алардын баарынын айлыгы 50% жогоруладыбы деп суроо узатты.

«Штатта 17 миң дарыгер иштеп жатат, иш жүзүндө 12 миңден ашык. [...] [Алгачкы] медициналык-санитардык жардам көрсөткөн дарыгерлердин айлыгы жогорулады. Алардын саны 10 миңден ашык», — деди министрдин орун басары.

Исмаиловдун айтымында, жаш адистердин айлыгы 25 сомго жетсе, тоолуу аймактарда иштеген жана эмгек тажрыйбасы жогору дарыгерлер 40-50 миң сомдон ала баштады.

«Алыскы тоолуу аймактар кайсы дарыгерлерге муктаж, ошолордун айлык акылары көтөрүлдү. Дарыгерлер окууну бүткөндөн кийин [тоолуу аймактарга] барбай калган адистиктер боюнча, ошол жерге адистерди тартуу максатында көтөрүлдү деп айтсаңар жакшы болот. Ошондо дарыгерлер түшүнөт. [...]. А силер чекеден көтөрүлдү деп жатасыңар, мына сиз айтып бүтө электе эле андай эмес деп жазып жатышат», — деди депутат.

Июлда президент Садыр Жапаров медицина кызматкерлеринин айлыгын 1-сентябрдан тарта жогорулатуу жөнүндө жарлыкка кол койгон. Анда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда ар бир 10 миң кишиге 17,5% медик туура келерин айтып, мындан улам медиктердин айлыгын жогорулатуу зарылдыгы жаралганын билдирген.