Айсулуу Тыныбекова Кыз-келиндер күрөшү боюнча федерацияны жетектейт

Image description21-октябрда өткөн Кыргызстандын күрөш федерациясынын кезексиз шайлоо жыйынында Айсулуу Тыныбекова Кыз-келиндер күрөшү федерациясынын вице-президенти болуп шайланды.

Жыйынга федерация мүчөлөрү, күрөш боюнча улуттук кураманын машыктыруучулары жана калыстары катышты.

Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүн өнүктүрүүгө жардам берерин белгилеп, спорттук карьерасын белгилүү бир убакыттан кийин улантаарын кошумчалады.

31 жаштагы Айсулуу Тыныбекова — Азиянын алты, Дүйнөнүн үч жолку чемпиону, Дүйнө кубогунун ээси. Кыргызстандын эмгек сиңирген спорт чебери быйыл Париж Олимпиадасында коло, 2021-жылкы Токио Олимпиадасында күмүш байге уткан.