Депутат окуучулардын арасында квадробинг популярдуу болуп жатканына тынчсызданууда

Парламенттин жыйынында депутат Дастан Бекешев айрым өспүрүмдөр мектептерде квадробинг менен алектенип жатканын билдирди.

*Квадроберлер — өкүлдөрү төрт аяктап басып, жаныбарлардын кыймылдарын туураган субмаданият.

Эл өкүлүнүн пикиринде, Билим берүү министрлиги окуучулардын мындай жүрүм-турумуна каршы күрөшүүсү зарыл. Ошол эле маалда ал квадробинг Кыргызстанда анча популярдуу эмес экенин белгиледи.

«Бирок ошентсе да, өспүрүмдөрдүн арасында “квадробобер… квадробер” деп аталган мындай тенденция бар. Айрым окуучулар жаныбарларга окшошууга аракет кылып, “түрдүү нерселерди” жасап жатышат»,
— деди Бекешев.

Депутат балдардын квадробингге кызыгуусуна жол бербөө үчүн министрликти мектептерде түшүндүрүү иштерин баштоого чакырды.

Буга чейин Өзбекстандын бийлиги ата-энелерге «жашы жете элек балдарын тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбагандар үчүн» жоопкерчилик бар экенин эскерткен. Анда балдары квадробинг менен алектенген ата-энелерге 1 млн 875 миң сум (12 миң сомго жакын) айып салынып же 15 суткага камалышы мүмкүн экени айтылган. 

Өзбекстан ИИМинин маалыматына ылайык, октябрда жарандар Ташкенттин эки жеринде квадроберлерди байкашкан. Тургундар алардын бири жаныбардын беткабын кийип жүргөнүн, экинчиси коомдук транспортто «итти туурап, жүргүнчүлөргө кол салганын» айтышкан.