Депутат Сулайманов мектеп программасына «ыйман» сабагын киргизүүнү сунуштады

Image descriptionБул тууралуу депутат Кундузбек Сулайманов Жогорку Кеңештин 24-октябрдагы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ага мындай өтүнүч менен ардагер мугалимдер кайрылган.

«Жакында мен ал кишилердин Билим берүү министрлигине “Ыйман сабагын киргизсек, балдарыбызды ыйман жолунда тарбиялап, ыймандуу болушуна көмөк көрсөтсөк” деген сунуштарын соцтүйүндөрдөн да көрүп калдым. Ушуну көзөмөлдөп, тапшырмаларды берсеңиз»,
— деп кайрылды депутат Минкабдын өкүлүнө.

Сулайманов мындай сабак жаштарды ыймандуу кылып тарбиялоо үчүн керек деген пикирде.