Алагозов: Көпчүлүк колдобосо гимнди өзгөртүүгө зарылдык болбойт

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин гимн боюнча айткандары анын жеке пикири экенин билдирди.

«Бул пикир коомчулукта, соцтүйүндө кызуу талкууга жол ачты. Эгерде мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгеси көтөрүлө турган болсо, анын сөзүнө, музыкасына сөзсүз түрдө ачык сынак жарыяланып, ага акын-жазуучулар, композиторлор, айтор гимнди ийнине жеткире иштеп чыгууга дараметим жетет дегендер катышып, алардын иши калктын көпчүлүк катмарынын колдоосуна ээ болушу керек»,
— деп жазды ал фейсбук барагына.

Ошондой эле Алагозов көпчүлүк колдобосо гимнди өзгөртүүгө зарылдык жок деп белгиледи.

Ал эми Шакиев гимндин текстин «бүгүнкү күндөгү чакырыктарга жана өлкөнүн өнүгүү багытына ылайыктап, элди мекенчилдикке жана өнүгүүгө карай үндөгөн өзгөрүүлөрдү киргизүү кажет экенин» белгилеген.

«Гимн — мамлекеттик же социалдык бирдиктин символу катары кабыл алынган салтанаттуу ыр. Андыктан мамлекеттик гимн бардыгы ырдап, аткара алгыдай, жалпыга бирдей ыргакта болушу керек. Тагыраагы, өлкөбүздүн беш жаштан 90 жашка чейинки жарандары кайсы учур, кандай кырдаал болбосун оңой ырдап кеткидей жазылышы зарыл»,
– деген ал.

Өткөн жылдын декабрында Кыргызстандын туусу өзгөртүлгөн. Желекти өзгөртүү демилгесин биринчилерден болуп төрага Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов көтөрүп чыккан.