Минкаб Кыргызстандын герби жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо

Жогорку Кеңешке Минкаб демилгелеген мамлекеттик символдор жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору келип түштү.

Минкабдын маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын энбелгилеринин визуалдык стили боюнча бирдиктүү стандарт жок.

«Алар өтө көп, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган ашыкча чыгымдарга алып келүүдө. [...] [Энбелгилерди] бирдиктүү визуалдык стилге алып келүү зарылдыгы жаралды»,
— деп жазылган документтин түшүндүрмөсүндө.

Мамлекеттик символдор жөнүндө мыйзамда «гербдин сүрөтү түстүү же ак-кара үлгүгө дал келүүсү керек» деп жазылган. Минкаб мыйзамдын бул бөлүгүнө «мамлекеттик гербдин сүрөтү мөөрлөргө же документтердин бланктарына жайгаштырылгандан башка учурларда» деген тактоо киргизүүнү сунуштап жатат.

Жогорку Кеңеш өлкөнүн гербин 1994-жылы 14-январда бекиткен. Анын авторлору — Асеин Абдраев менен Садырбек Дубанаев.