Москвада жазуучунун өлүмүнө шектелген кыргызстандык кармалды

Москвада батирлердин бирине кирип барып, 78 жаштагы ээсин өлөрчө сабаган деп шектелген кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Тергөө комитетинин Москва шаардык башкармалыгы билдирди.

Тергөөнүн версиясына ылайык, окуя 19-октябрда Открытое шоссесинде жайгашкан үйдө болгон.

«Шектүү батирге кирип барып, анда жашаган аялды уруп-сабаган. Жыйынтыгында батирдин ээси алган жаракатынан улам шаардагы ооруканалардын биринде каза болуп калган»,
— дешти Тергөө комитетинен.

Полиция кылмышка шектүү катары Кыргызстандын 39 жаштагы жаранын кармады. Тергөө жакынкы убактарда ага айып тагып, камакка алууну талап кылат деп күтүлүүдө.

ТАСС агенттиги каза болгон аял искусство таануу илимдеринин доктору жана жазуучу Раиса Кирсанова экенин жазды. Маалыматка ылайык, окуя болгон күнү үйдүн жашоочулары белгисиз шектүү киши алардын эшигин каккылап жатканы боюнча укук коргоо органдарына кайрылышкан.

«Регнум» басылмасы өз булактарына таянып, шектүү Открытое шоссесине «жумушка орношуу боюнча» досу менен сүйлөшүүгө барганын жазды. Булактын айтымында, бирок ал жумушка орношо албай калгандан кийин «спирт ичимдигин сатып алып», жакынкы үйлөрдүн «короосун аралап кеткет».

«Дал ошол маалда 78 жаштагы Раиса Кирсанованын эшиги бекилбей турган жана ал батирге кирип барган»,
— деп билдирди булак.

Ал шектүү жазуучунун батиринде уктап калганын кошумчалады.