Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Соода-өнөр жай палатасынын салтанаттуу мааракесинде Кыргызстандын гимнин өзгөртүү планы бар экенин айтты.
«Биз гимнди өзгөртөбүз. Себеп дегенде биз гимнди кабыл алганда Советтер союзунун убагынан чыккан маал болгон. Азыр биз толук бутка турган, кадыресе өнүгүү жолуна түшкөн мамлекетпиз. Ошол үчүн биз гимнди өзгөртүшүбүз керек. Бардык кыргыз эли ырдай турган гимн болушу керек», — деди ал.
Кыргызстандын мамлекеттик гимни 1992-жылдын 18-декабрында Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген. 2012-жылдын 27-декабрында үч куплеттен турган гимндин экинчи куплети парламенттин токтому менен кыскартылган.