Ошто жол тыгынын азайтуу үчүн эки кабат жол салуу сунушталууда

Image descriptionОш шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы эскиздик долбоорду мэрияга сунуштады. Бул тууралуу «Клоопко» аталган мекемеден кабарлашты.

Оштогу Бекмамат Осмонов, Гапар Айтиев көчөлөрүнүн кесилишине эки кабат жол салынышы мүмкүн. Учурда ал жерде Барсбек кагандын айкели турат.

Курулушка канча каражат кетээри эсептелип чыга элек. Эгер мэрия колдосо иш 2025-жылы башталат.

«Ош шаарындагы жол тыгынын азайтуу максатында долбоор сунушталып жатат. Өнүккөн чет өлкөлөрдө 3-4 деңгээлдүү жолдор салынган. Биз да акырындан ошого өтүп баратабыз. Барсбектин эстелигин кайсыл тарапка жылдырат тиешелүү кызматтар иш алып барса керек», — деди капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Темирлан Бакалов.

Буга чейин муниципалдык базар жаңы жерге көчкөнүнө байланыштуу Барсбек каган айланма жолу кеңейтилип жатканы кабарланган.