ТИМ Москвада жазуучунун өлүмүнө шектелип жаткан кыргызстандыктын ишин көзөмөлгө алды

Кыргызстан ТИМи кыргыз жараны 78 жаштагы жазуучу Раиса Кирсанованы өлтүрүүгө шектелип жатканы тууралуу Орусиянын Тергөө комитетинин билдирүүсү боюнча комментарий берди.

Мекемеден Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкери тиешелүү органдарга кайрылып, окуянын бардык жагдайын тактап жатканын билдиришти.

«Бул иш ТИМдин жана Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин көзөмөлүндө»,
— деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Орусиянын Тергөө комитетинин версиясына ылайык, 19-октябрда 39 жаштагы кыргыз жараны жазуучунун батирине кирип барып, өлөрчө сабап салган. Раиса Кирсанова Москвадагы оорукалардын биринде каза болгон.